БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 3
Бүргөндү айыл аймагындагы айдоо айанттарына түшкөн мал жандыктарына айып пул салуу жөнүндө
Бүргөндү айыл аймагындагы айдоо аянттарын мал жандыктарынан коргоо, айдоо аянттарына түшкөн мал жандыктарына айып пул чектөө зарылдыгы жөнүндөгү “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси З. Абийбилла уулунун ооз эки кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси З. Абийбилла уулунун ооз эки кайрылуусу эске алынсын.
2. Айдоо аянттарына чектөө киргизүү 1-апрелден, 1-декабрына чейин 7 ай чектөө киргизилсе, 5 ай мал жандыктарын жайууга уруксаат берилсин
3. Айыл тургундарынын сунуштарын эске алуу менен айдоо аянттарына түшкөн мал жандыктарына төмөнкүдөй айып пулдун өлчөмү бекитилсин:
- кара мал -3000 сом;
- жылкы – 3000 сом;
- кой-эчки – 1000 сом.
4. Айыл тургундарынын арызын канааттандыруу, жеринде чечүү, келтирилген чыгымды же зыянды аныктоо тиешелүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |