Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясы

2021-жылдын 4-марты № 5

Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Темирова Мавлюданын арызын кароо жөнүндө

Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Темирова Мавлюданын ден-соолугун чыңдоо максатында даарыланууга 10 000 (он миң) сом акча каражатын ажыратып берүүнү сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  М. Темированын арызы эске алынсын.

2.  М. Темированын ден-соолугун чыңдоо максатында 10 000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.

3.  Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдаланылышын көзомөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

4.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтына жарыялансын.

5.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы:

З. Арстанбеков