Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXVIII сессиясы

2020-жылдын 30-декабры № 1

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Бүргөндү айылдык кенешинин кезектеги сессиясы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга планы жана 2022-2023 жылдарга болжолдуу долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамын II-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2,2 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХXVIII - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга планы жана 2022-2023 жылдарга болжолдуу долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2021-жылга бюджети 21422,0 миң сом жана 2022-жылга долбоору 21850,4 миң сом, 2023-жылга долбоору 21980,4 миң сом №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2021-жылга бюджети 21422,0 миң сом жана 2022-жылга долбоору 21850,4 миң сом, 2023-жылга долбоору 21980,4 миң сом №2 тиркемеге ылайык белгиленсин.

4. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 200,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.

6. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы минстрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко жүктөлсүн.

7. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинин жетишпестигин жоюу үчүн кошумча каржылоо булактарын табуу жана ички резервтерди пайдалануу менен муниципалдык жерлерди сатуу жана 2020-жылы өндүрүлбөй калган салыктар, ижара акыларды өндүрүү боюнча иш алып баруу жагы, киреше булактарын табуу, өстүрүү, айыл аймактык социялдык өнүгүү маселелерин чечүү жана 2021-жылга белгиленген иш-пландарды аткаруу үчүн, айылдын инфра-структураларын өнүктүрүү боюнча 1370,0 миң сом, кошумча каржылоо булактарын табуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.

8. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевке жүктөлсүн.

 

Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы:

З. Арстанбеков

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХХVIII-сессиясынын №1 токтому № 1 тиркеме 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга каралган бюджеттин болжолдуу кирешелери

 

Кирешелердин аттары

2021-жылга план

2022-жылга план

2023-жылга план

Киреше салык

5256,5

5556

5795

Бирдиктүү салык

12

12

12

Милдетүү салык

75

75

75

Ыктыярдуу патент

980

980

980

Мүлк салыгы

50,5

50,5

50,5

Транспорт салыгы

1200

1200

1200

Тамарка жер салыгы

247

247

247

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

1047,3

1047,3

1047,3

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

400

400

400

Жалпы салыктар

9268,3

9567,8

9806,8

Калктуу конуштан түшүчү аренда акы

200

200

200

Кайра бөлүштүрүү жер аренда акысынан

1600

1600

1600

Лицензиядан кармалуучу аренда акы

206

206

206

Жайыт аренда акысы

36

36

36

Жалпы салык эмес жыйымдар

2042

2042

2042

Жыйынтыгы жалпы бюджеттик киреше

11310,3

11609,8

11848,8

Атайын каражат

1715

1715

1715

Жалпы киреше

13025,3

13324,8

13563,8

Тендөөчү грант

8396,9

8525,6

8416,6

Бардык кирешелер

21422,2

21850,4

21980,4

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы:

А. Сатыкулов

ФЭБ башчысы:

М. Осмонов

Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХХVIII-сессиясынын №1 токтому №2 тиркеме2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга каралган бюджеттик чыгашалары

Мекемелердин аттары

2021-жылга план

2022-жылга план

2023-жылга план

Мамлекеттик тейлөө тармагы

11156,7

11156,7

11356,7

Билим берүү тармагы

6010,9

5866

5976,2

анын ичинен

 

 

 

Балдар бакчасына

2343,2

2343,2

2443,2

Мектептерге

3667,7

3667,7

3667,7

Маданият тармагына

837,4

837,4

887,4

анын ичинен

 

 

 

Китеп канага

470,8

470,8

470,8

Маданият үйүнө

366,6

366,6

416,6

ЖКХ

1702,2

2275,3

2045,1

Жыйнтыгы бюджеттик чыгашалар

19707,2

20135,4

20265,4

Атайын каражат

1715

1715

1715

Жалпы чыгаша

21422,2

21850,4

21980,4