Редакцияот 06.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы

2021-жылдын 6-сентябры № 1

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адис Т.Акназаровдун 2020-жылга жана 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адис Т.Акназаровдун 2020-жылга жана 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адис Т.Акназаровдун 2020-жылга жана 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчету канатандыраарлык деп табылсын.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров