КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 6-сентябры № 2
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы аты жок жолдорго ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жерге-Тал айылынын тургуну Кыдыралиев Даниярдан түшкөн арызынын негизинде,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы А.Батыров көчосүнүн кесилишиндеги жолдон Уч-Малай айылындагы Ж.Бечелов көчөсүнө чейинки жолго Кыдыралиев Орозмаматтын аты коюлсун.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |