КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 6-сентябры № 4
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылына муниципиалдык имарат курууга жер тилкесин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылына муниципиалдык имарат курууга жер тилкесин берүү боюнча айылдык кеңештин депутаты М.Кумуевдин берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылына муниципиалдык имарат курууга жер трансформациясы бүткөндөн кийин кезексиз 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкеси Көк-Арт айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде калтырылсын.
3. Бөлүнүп берилген жер тилкесинин мыйзамдуулугун карап чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |