Редакцияот 06.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы

2021-жылдын 6-сентябры № 6

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Уч-Малай айылына муниципиалдык имарат курууга  “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун инвестициясын тартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Уч-Малай айылына  муниципиалдык имарат курууга  “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун инвестициясын тартуу боюнча Көк-Арт айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Уч-Малай айылына  муниципиалдык имарат (мектеп, ФАП, мечит)  курууга  “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун инвестициясы тартылсын.

2.  Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров