КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 6-сентябры № 7
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн дөңгөлөктүү трактор тибиндеги “Эксковатор-Погрузчик JSB 3DX Super” техникасынын элге кызмат аткаруу үчүн мото/саатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн дөңгөлөктүү трактор тибиндеги “Эксковатор-Погрузчик JSB 3DX Super” техникасынын элге кызмат аткаруу үчүн мото/саатын бекитүү боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 04-466СА номерлүү дөңгөлөктүү трактор тибиндеги “Эксковатор-Погрузчик JSB 3DX Super” техникасынын элге кызмат аткаруу үчүн мото/саатын 1500 (бир мин беш жуз) сомго бекитилсин.
2. Көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |