Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 27-августу № 1

Өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча Венгрия өлкөсүнүн Будапешт шаарында болуп өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль уткан балбан Суйоркулов Нуристан Мирлановичке жеке менчик турак жай салуу үчүн сыйлык катары жер тилкесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча Венгрия өлкөсүнүн Будапешт шаарында болуп өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль уткан балбан Суйоркулов Нуристан Мирлановичке жеке менчик турак жай салуу үчүн сыйлык катары жер тилкесин берүү боюнча айылдык кеңештин депутаты К.Жээнтаевдин берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургуну өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча Венгрия өлкөсүнүн Будапешт шаарында болуп өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль уткан балбан Суйоркулов Нуристан Мирлановичке жеке менчик турак жай салуу үчүн сыйлык катары жер трансформациясы бүткөндөн кийин кезексиз 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.  Бөлүнүп берилген жер тилкесинин мыйзамдуулугун карап чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров