КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 2
Чоңдор арасында грек-рим күрөшүбоюнча дүйнө биринчилигине баруу үчүн К.Сулайманов К.Түгөлбаевке жана машыктыруучусу К.Жээнтаевке спонсорлук жана акчалай сыйлык берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигине баруу үчүн К.Сулайманов, К.Түгөлбаевке жана Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу А.Жуманазаров спорт мектебинин машыктыруучусу К.Жээнтаевке спонсорлук жана акчалай сыйлык берүү жөнүндө Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургундары К.Сулаймановко, К.Түгөлбаевке чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигине баруу үчүн жана Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу А.Жуманазаров спорт мектебинин машыктуруучусу К.Жээнтаевке 50 000(элүү миң) сом өлчөмүндө спонсордук жана акчалай сыйлык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акчалай сыйлыктарды мыйзамдуу түрдө бөлүштүрүлүүсүн жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |