КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXV -сессиясы
2021-жылдын 9-августу № 1
Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси А.Жолдошованын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Көк-Арт айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы, угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
2. Аталган Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |