Редакцияот 04.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIV -сессиясы

2021-жылдын 4-майы № 4

2021-2023-жылдарга карата Көк-Арт айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:

1.  2021-2023-жылдарга карата Көк-Арт айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасы бекитилсин.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров