КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIV -сессиясы
2021-жылдын 4-майы № 5
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын тургундары Алымбаев Улан жана Жумалиева Чачыкейге тиешелүү 49 жылдык ижара келишими бар ижарачылардын ижара келишимин жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын тургундары Алымбаев Улан жана Жумалиева Чачыкейге тиешелүү 49 жылдык ижара келишими бар ижарачылардын ижара келишимин жокко чыгаруу боюнча жер адиси Т. Акназаровдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жайыт жеринде жайгашкан Алымбаев Уландын 1984-жылдагы карта боюнча 223-225-контурларда жайгашкан 1,20 га жана Жумалиева Чачыкейге тиешелүү 1984-жылдагы карта боюнча 230-контурда жайгашкан 1,60 га ижара жерине түзүлгөн 49 жылдык ижара келишими мамлекеттин муктаждыгы үчүн жокко чыгарылсын.
2. Тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Акназаровко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтынажарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |