КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIV -сессиясы
2021-жылдын 4-майы № 7
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн мал башына төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн мал башына төлөнүүчү акыны 06-апрель жана 08-апрель 2021-жылы айыл өкмөт боюнча элдик жыйындын токтомун эске алып угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Кой-эчкиге ар бир башына бир айга 120 (бир жүз жыйырма) сомдон төлөнсүн.
2. Кара малдын ар бир башына бир айга 500 (беш жүз) сомдон, бир баш уйга торпогу менен 800(сегиз жүз) сомдон төлөнсүн.
3. Жылкыга (тай, кулун, ат) ар бир башына бир айга 800( сегиз жүз) сомдон төлөнсүн.
4. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы мал жандыктары 2021-жылдын 4-майынан калтырылбай бир саан уй, 5 койдон ашыгы алыскы жайытка жөнөтүлсүн.
5. Алыскы жайыттан кайтуу мөөнөтү 2021-жылдын 15-сентябрга коюлсун.
6. Белгиленген күндөрдө малдарды алыскы жайытка жөнөтүлбөсө ар бир баш койго 500 (беш жүз) сом, ар бир баш кара малга жана жылкыга 1000 (бир миң) сом айып пул чегерилсин.
7. Токтомду аткаруу, жетекчиликке алуу жагы Жайыт коммитетинин төрагасы А. Батыровко милдеттендирилсин.
8. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
9. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |