Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 2

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жерге-Тал айылынын тургуну Насирдинов Тынчтыктан түшкөн арызынын негизинде,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолундагы “Насирдин-Ата” АЗС май куйуучу жайынан баштап “Зерновой” каналын бойлоп кеткен көчөгө, биринчи көпүрөгө (тосмого) чейин Ташиев Орозали Насирдиновичтин аты коюлсун.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров