Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 3

Көк-Арт “суу-тазалык” муниципиалдык ишканасынын “акылдуу суу эсептегичи” орнотулган абоненттердин сууга болгон төлөмүнүн баасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Көк-Арт суу-тазалык” муниципиалдык ишканасынын “акылдуу суу эсептегичи” орнотулган абоненттердин сууга болгон төлөмүнүн баасы жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Көк-Арт суу-тазалык” муниципиалдык ишканасынын “акылдуу суу эсептегичи” орнотулган абоненттердин сууга болгон төлөмүнүн баасы 1 (бир) кубуна 15 ( он беш) сом деп бекитилсин.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров