КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 4
Көк-Арт “суу-тазалык” муниципиалдык ишканасынын “акылдуу суу эсептегичи” жок абоненттердин сууга болгон төлөмдүн баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” муниципиалдык ишканасынын акылдуу суу эсептегичи жок абонентердин сууга болгон төлөмдүн баасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт “суу-тазалык” муниципиалдык ишканасынын “акылдуу суу эсептегичи” жок абоненттердин сууга болгон төлөмүнүн баасы 1 (бир) айда төрт жолу суу чыкса – 100 (жүз) сом, үч жолу суу чыкса – 75( жетимиш беш) сом, эки жолу суу чыкса – 50 (элүү) сом, бир жолу суу чыкса – 25 сом деп бекитилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |