Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 10

“Билайн” компаниясы антена куруу үчүн Уч-Малай айылынан жер тилкесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Уч-Малай айылынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуусун негиздеп, “Билайн” компаниясы телекомуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн антена курууга жер тилкесин берүү жөнүндө кайрылуусуна ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:

1.  “Билайн” компаниясы телекоммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн антена курууга 1984-жылдагы карта боюнча 1391-контурдан, Уч-Малай айылынын мазарынын батыш тарабынан 200м2 жер тилкеси ижарага берилсин.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бөлүнгөн жерди көргөзүү жана карта көчүрмөсүн чийүү жагы жер адис Т. Акназаровко милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров