Редакцияот 03.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы

2020-жылдын 3-декабры № 2

Көк-Арт айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга “ИЖЭӨ” программасын бекитүү жөнүндө

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын 2020-жылдын 19-ноябрынын №291 буйруктун негизинде түзүлгөн демилгелүү жумушчу топ, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы менен биргеликте “Тараптардын диалогу жана кызматташуусу аркылуу айылдык жамааттарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча Көк-Арт айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү”программасы боюнча (ИЖЭӨ 2021-2025-жж.) даярдалган планын Көк-Арт айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап токтом кылат;

1.  Көк-Арт айыл аймагынын 2021-2025 жылдарга даярдалган “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү” программасы бекитилсин.

2.  2021-2025-жылдарга бекитилген Көк-Арт айыл аймагынын “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү”программасы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров