Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы

2020-жылдын 28-декабры № 2

2020-жылдын 1-январына калган калдык каражатты бөлүү жөнүндө

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-айында кошумча кирешелердин жана чыгшалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковтун билдируусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык Кенешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII – сессиясы токтом кылат:

1   Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан жана такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттарынан жалпы 2 072 967 сом акча каражатын, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенешке акча каражатын сурап жазган атуулдардын кайрылуусунун негизинде жана айыл аймагында социалдык инфратсруктураларга болгон муктаждыктарды эске алып төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалсын.

2   1-январь 2021-жылга калган калдык 2 072 967 сом бөлүнсүн.

3   Атайын каражат эсебинде калган 139200 сом калдык балдар бакчасына керектелүүчү эмеректерди сатып алууга жумшалсын.

4   Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

5   Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6   Токтомду аткарылышынын көзөмөлдөө жагын, Көк-Арт айылдык кеңешинин бюджет комитетинин жүктөлсүн. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров