Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы

2020-жылдын 28-декабры № 3

Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Тургунбаев Нургазыга өздөштүрүүгө берилген жердин мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Тургунбаев Нургазыга өздөштүрүүгө берилген жердин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, КРӨнун 2008-жылдын 17-июнундагы № 306-токтому, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча түзүлгөн туруктуу камиссиясынын 12-февраль 2020-жылдагы АКТсы, КРнын ӨКМнин мониторинг департаменти экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмүнүн 06-март 2020-жылдагы №37 корутундусу, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын 21-январь 2020-жылжагы АКТсы жана акимдин 21-август 2020-жылдагы № 179-б буйругунун негизинде, Көк-Арт айылдык Кенешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Тургунбаев Нургазыга өздөштүрүүгө берилген 1,5 га жер өздөштүрүлгөндүгү үчүн , Көк-Арт айыл кенешинин сессиясынын жыйынтыгы менен жеке менчике берилсин.

2.  Токтомду каттоо жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштыруу жагы жоопту катчыга жүктөлсүн.

3.  Жерди бөлүү жана картасын даярдоо жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровко жүктөлсүн.

4.  Токтомдун бир нускасы Тургунбаев Нургазыга берилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко милдеттендирилсин.

6.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

7.  Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров