Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы

2020-жылдын 28-декабры № 7

Көк-Арт айыл аймагына IFAD тарабынан каржыланып АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнуктүрүү” /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы эксплуатациалоо жөнүндө ЖОБОну бекитүү жана техниканын тарифин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Көк-Арт айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Батыровдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл аймагында IFAD тарабынан каржыланып, АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы жана айыл чарба шаймандарын эксплуатациялоо жөнүндө ЖОБО бекитилсин.

2.  Техниканы иштетүүдө 1(бир) жылына жайыт комитетинин төрагасы менен түзгөн келишимдин негизинде ;

1.         1(бир) даана сеялка үчүн - 20035 сом

2.         1(бир) даана кичи дробилка учүн - 2054 сом акча каражатына, 7(жети) жылга ижарага берилсин.

3.         Техниканы жана айыл чарба шаймандарын алуу үчүн 25% жамааттык салымды өз акча каражаты менен жалпы 169,000 сом төлөнгөндүгүнө байланыштуу, ошол фермерлерге 7-жылдык мөөнөткө жогорудагы 2-пункта көрсөтүлгөн шартта ижарага пайдаланууга берилсин .

4.  Ижара акчасынын убактысы бүткөндөн кийин, 2-пунктагы көрсөтүлгөн техникалар ижара пайдалануучуларга калсын.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысына милдеттендирилсин.

6.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров