Редакцияот 02.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү ХII сессиясынын

2022-жылдын 2-августу № 27

Орто-Арык айылынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Узакбаев Нурлан Мансуровичтин Орто-Арык айылынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Орто-Арык айылындагы иподромдун өйдө жагында жайгашкан сейил багын көрктөндүрүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Курама айылдык кеңеш,

Токтом кылат:

1. Орто-Арык айылында сейил багын уюштуруу, көрктөндүрүү үчүн Орто-Арык айылынын башкы планына өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Орто- Арык айылынын туураланган башкы планы бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңештин туруктуу жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн. 

Төрага:

Р.Р.Мамбеталиев