ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 1
Шайдан айылдык жайыт комитетинин 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети боюнча Шайдан айылдык жайыт комитетинин бухгалтери Б.Раевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айылдык жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Шайдан айылдык жайыт комитетинин киреше жана чыгашалары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы У.Караевке жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Төрөбековко милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |