ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 2
Шайдан айылдык жайыт комитетине келген Эксковатордун кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык жайыт комитетинин бухгалтери Б.Раевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыттарды жакшыртуу үчүн АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу келген МТЗ – 892.2 эксковатор тракторун кызмат көрсөтүү наркын тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Жайыттарды жакшыртуу үчүн АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу келген МТЗ – 892.2 эксковатор тракторун мыйзам чегинде иштетүү жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактап иштетүү жагы жайыт комитетинин төрагасы У.Караевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевке милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |