Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 3
Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкердин ишкердик жүргүзүүсү үчүн жер сурап кайрылган арыздарын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлер Т.Камбаров, А.Шайымкулов жана ЖЧК “ЮГЭЛС” жетекчиси К.Юсуповдордун Шайдан айыл өкмөтүнө жана Шайдан айылдык кеңешине берген арызында, ошондой эле айыл өкмөт башчысынын орун басары К. Ташиевдин маалыматы эске алынсын.
2. ЖЧК “ЮГЭЛС” фирмасы Алма айылынын МТФ участкасынан ижарага алып жүргөн 2,0 га сай жээгиндеги жердин ижара мөөнөтүн узартууга макулдук берилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн МТФ участкасындагы 1,0 га эски малкананын ордундагы жерди жеке ишкерлердин ишкердик жүргүзүүсү үчүн аукцион (конкурс) аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевке милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |