Редакцияот 04.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

2019-жылдын 4-июлу № 4

Алма айылындагы жаңы көчөгө (проектируемый) Тажибаев Орозбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 25.06.2019-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

2.  Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Тотонбай участкасынын баш жагында жайгашкан жаңы түптөлгөн (проектирумеый) көчөсүнө педагог, музыкант, Эл агартуунун отличниги маркум Тажибаев Орозбай Мажитовичтин ысымы ыйгарылсын.

3.  Жаңы түптөлгөн (проектирумеый) көчөсүнө педагог, музыкант, Эл агартуунун отличниги маркум Тажибаев Орозбай Мажитовичтин ысымы ыйгарылган көчөнү базалык катоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.

4. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Тотонбай участкасынын баш жагында жайгашкан жаңы түптөлгөн (проектируемый) көчөсүнө педагог, музыкант, Эл агартуунун отличниги маркум Тажибаев Орозбайдын ысымындагы көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко жана маркум Тажибаев Орозбайдын уулу Тажибаев Рустам Орозбаевичке милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (М.Мамадиев)

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назиров