Редакцияот 04.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

2019-жылдын 4-июлу № 5

Алма айылындагы жаңы конушка (проектируемый) Карабеков Токтосундун ысымын ыйгаруу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 25.06.2019-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

2.  Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Мектеп жана А.Орозбаев көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан жаңы түптөлгөн көчөгө Эмгектин ардагери, маркум Карабеков Токтосундун ысымы ыйгарылсын.

3.  Жаңы түптөлгөн көчөгө Эмгектин ардагери, маркум Карабеков Токтосундун ысымы ыйгарылган көчөнү базалык катоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.

4.  Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Мектеп жана А.Орозбаев көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан көчөгө Карабеков Токтосундун ысымы ыйгарылып, ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко жана маркум Карабеков Токтосундун уулу Карабеков Сүйүн Токтосуновичке милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (М.Мамадиев)

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назиров