Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 6
Алма айылындагы жаңы конушка (проектируемый) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум, Аширов Кочкордун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 25.06.2019-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Мектеп көчөсүнүн күн батыш тарабында жайгашкан жаңы түптөлгөн көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум, Аширов Кочкордун ысымы ыйгарылсын.
3. Жаңы конушка (проектируемый) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум, Аширов Кочкордун ысымын ыйгарылган көчөнү базалык катоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Мектеп көчөсүнүн күн батыш жагында жайгашкан жаңы көчөгө Аширов Кочкордун ысымы ыйгарылып, ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко жана маркум Аширов Кочкордун уулу Аширов Асилбек Кочкорбаевичтерге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (М.Мамадиев)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |