ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 7
Алма айылындагы жаңы конушка (проектируемый) Абдурахманов Жалалдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 25.06.2019-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Э.Давлетов көчөсүнүн жогору жагында жайгашкан жаңы түптөлгөн көчөгө Эмгектин ардагери, коомдук ишмер маркум Абдурахманов Жалалдын ысымы ыйгарылсын.
3. Жаңы түптөлүп, Эмгектин ардагери, коомдук ишмер маркум Абдурахманов Жалалдын ысымы ыйгарылган көчөнү базалык катоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Э.Давлетов көчөсүнүн жогору жагында жайгашкан жаңы көчөгө Абдурахманов Жалалдын ысымы ыйгарылып, ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, милдеттенмелерин аткарып, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко жана маркум Абдурахманов Жалалдын уулу Абдурахманов Абдуаким Жалаловичтерге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (М.Мамадиев)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |