Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 8
Жон-Арык айылындагы жаңы конушка (проектируемый) кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл Баатыры маркум, Дооронбек Садырбаевтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 25.06.2019-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Жон-Арык айылынын төмөн жагында жайгашкан жаңы түптөлгөн көчөгө кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл Баатыры маркум, Дооронбек Садырбаевтин ысымы ыйгарылсын.
3. Жаңы түптөлгөн, кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл Баатыры маркум, Дооронбек Садырбаевтин ысымы ыйгарылган көчөнү базалык катоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн Жон-Арык айылынын төмөн жагында жайгашкан жаңы көчөгө Кыргыз Эл Баатыры маркум, Дооронбек Садырбаевтин ысымы ыйгарылып, ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (М.Мамадиев)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |