ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 9
Бирдик айылындагы жаңы көчөгө (проектируемый) ат ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 25.06.2019-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын төмөн жагында жайгашкан жаңы түптөлгөн көчөгө жергиликтүү тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколуна ылайык “Жаштык” көчөсү деп ат ыйгарылсын.
3. Жаңы түптөлгөн, жергиликтүү тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколуна ылайык “Жаштык” көчөсү деп ат ыйгарылган көчөнү базалык катоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын төмөн жагында жайгашкан жаңы көчөгө “Жаштык” көчөсү деп ат ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (М.Мамадиев)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |