ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 12
Алма айылынын тургуну Маткеримов Майрамбектин арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевтин маалыматы эске алынсын.
2. Алма айылынан Ош-Бишкек авто жолуна түз түшкөн жолдун күн батыш тарабындагы эски талаа шыйпаңынын 0,14 га жер тилкесин Алма айылынын тургуну М.Маткеримовдун арызына ылайык 5 жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ижара келишимдерин түзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевке милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |