Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 сандуу токтомуна ылайык Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө КР Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлерин жер участокторун бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевтин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 сандуу токтомунун негизинде Шайдан айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча комиссиясынын токтомдоруна ылайык 46,30 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлеринин категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап райондук комиссияга тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (С.Нарматов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |