Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVIII -сессиясы
2019-жылдын 25-октябры № 1
КБФнун жерлерин жана бактарды ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамын, регламентин, келечек планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу жана Шайдан айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Токаевтин маалыматы эске алынсын.
2. КБФнун жерлерин жана бактарды ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамы, регламенти, келечек планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу КБФ жерлерин жана көп жылдык бактарды аукцион жолу менен ижарага берүүнү мыйзам чегинде уюштуруу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |