Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVIII -сессиясы
2019-жылдын 25-октябры № 3
Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылындагы С.Жантаев, А.Абдыкадыров жана Алма айылынын Тотонбай участкасындагы Т.Маматов көчөлөрүнө жасалма дөңчө (лежащий полицейский) орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын кезектеги XVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мамадиевтин маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылындагы С.Жантаев, А.Абдыкадыров жана Алма айылынын Тотонбай участкасындагы Т.Маматов көчөлөрүнө айыл тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалма дөңчө (лежащий полицейский) орнотууга макулдук берилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылындагы С.Жантаев, А.Абдыкадыров жана Алма айылынын Тотонбай участкасындагы Т.Маматов көчөлөрүнө жасалма дөңчө (лежащий полицейский) орнотуу жагы ДЭП-51 ишканасынан жана Ноокен райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловко милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |