Редакцияот 25.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVIII -сессиясы

2019-жылдын 25-октябры № 4

Муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Шайдан айылдык кенешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколу жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевтин маалыматы эске алынсын.

2.  Шайдан айыл өкмөтүнүн карамагы астында муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.

3.  Шайдан айыл өкмөтүнүн муктаждыгына жараша муниципалдык ишкана түзүү жана аны Юстиция башкармалыгынан каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назиров