Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVIII -сессиясы
2019-жылдын 25-октябры № 5
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-ай ичинде жергиликтүү бюджеттинин киреше , чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо жана бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын, Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-ай ичиндеги жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын, Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун маалыматы эске алынып, Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 9-айынын аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2019-жылдын киреше бөлүгүнө белгиленген пландан ашыкча түшүүлөрдү жана жер казынасына пайдалануу үчүн лицензия кармоо акысына берилген пландын кыскартылышын эске алуу менен 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө Ноокен райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановго жүктөлсүн.
3. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүнө “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына ылайык сатып алууларды жүргүзүлүп үнөмдөлгөн суммаларды, киреше бөлүгүнө белгиленген пландан ашыкча түшүүлөрдү эске алуу менен 2019-жылдын бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- 3111 Имараттар жана курулуштар беренесине (айылдарга электр мамычасын орнотуу үчүн каралган 2048098 сомдон, бюджеттин киреше бөлүгүнө белгиленген пландан ашыкча түшүүлөрүн жана жер казынасына пайдалануу үчүн лицензия кармоо акысына берилген пландын кыскартылышын эске алуу менен) кыскартылсын.
- 2215 Түрдүү чыгымдар беренесине 430000 сом каралсын. (долбоорлорду жасатууга 300000 сом, Турак жайларга номер коюууга 50000 сом, Жолбун иттерди атууга 20000 сом, Доронбек Садырбаевдин эстелигин жасоого колдоо көрсөтүү үчүн 50000 сом, Ассалоом Кайрымдуулук фонду тарабынан курулган батирдин жашоочуларына көмүр сатып алууга 10000 сом)
- 3111 Имараттар жана курулуштар беренесине 230000 сом каралсын. (Бирдик айылынын Жантаев, Шерматов көчөлөрүн жарыктандырууга өздүк салым төлөө үчүн )
- 3112 Машиналар жана жабдуулар беренесне 735000 сом каралсын. (Кызматтык авто машине сатып алууга)
4. Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы З. Торобековго жүктөлсүн.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |