Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX -сессиясы

2020-жылдын 28-январы № 1

Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну, “Нурэл-Строй” ЖЧКнун жетекчиси Н.Маматовдун кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

5.  Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.М.Алыкуловдун маалыматы жана Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну, “Нурэл-Строй” ЖЧКнун жетекчиси Н.Маматовдордун кайрылуусу эске алынсын.

6.  Шайдан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионуна айыл жаштары үчүн кичи футбол аянтчасын өз эсебинен курууга Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну, “Нурэл-Строй” ЖЧКнун жетекчиси Н.Маматовко макулдук берилсин.

7.  Кичи футбол аянтчасы курулуш иштери аяктагандан кийин муниципалдык менчикке алынсын жана атайын келишимдин негизинде Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну, “Нурэл-Строй” ЖЧКнун жетекчиси Н.Маматовко иштетүүгө берилсин.

8.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назиров