Редакцияот 13.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX -сессиясы

2020-жылдын 13-апрели № 2

Жарандык коргонуу комиссиясынын жана коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча штабтын мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн 30.03.2020-жылдагы №3 жана 31.03.2020-жылдагы № 4 отурумдарынын чечимдерин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Шайдан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Максудовдун маалыматы эске алынсын.

2.  Шайдан айыл өкмөтүнүн Жарандык коргонуу комиссиясынын жана коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча штабтын мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн 30.03.2020-жылдагы №3 жана 31.03.2020-жылдагы № 4 отурумдарынын чечимдери бекитилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назиров