Редакцияот 15.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы

2020-жылдын 15-июлу № 3

Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Шайдан айыл өкмөтүнүн жалпы тургундарынын 07.07.2020-жыл күнү өткөрүлгөн жыйында кабыл алынган чечимин бекитип берүү жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XХI -сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.  Шайдан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Максудовдун маалыматы эске алынсын.

2.  Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Шайдан айыл өкмөтүнүн жалпы тургундарынын 07.07.2020-жыл күнү өткөрүлгөн жыйында кабыл алынган чечими бекитилсин (чечим тиркелет).

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назиров