Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы

2021-жылдын 5-февралы № 6

Шайдан айыл өкмөтүнүн Тоскоол айылындагы № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасын жылдыруу жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XХII -сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренелерине ылайык № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасы Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратында жайгашып, шайлоо жана референдум уюштуруу жана өткөрүүдө аталган токой чарбанын имараты талапка жооп бербегендигин эске алып токтом кылат:

1.         Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2020-жылдагы №04-1/3938 сандуу каты эске алынсын.

2.         Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренелерине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2020-жылдагы №04-1/3938 сандуу катына ылайык № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасы Тоскоол айылындагы № 5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына жылдырылсын.

3.         № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасы Тоскоол айылындагы № 5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына жылдыруу боюнча маалымат Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

4.         № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасын Тоскоол айылындагы № 5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына жылдыруу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловко милдеттендирилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Тешебаев