Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2022-жылдын 29-сентябры № 46
Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык прокуратурасынын сунуштамасына (2019-жылдын 5-июлундагы чыгыш №11/0-0-73-19) ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациялык тармактарды жана курулмаларды өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы “техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди” деген сөздөр “техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдөрдү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
токтомдун киришмесиндеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине” деген сөздөр жана сандык маанилер алынып салынсын;
1-пункттун 2-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“2) Салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн азайтылган коэффициент менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын тармактарына техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык”;
5-пункттун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Келишимде долбоорлонгон инженердик тармактарга технологиялык кошуу үчүн этап боюнча төлөө мүмкүнчүлүгү тараптардын макулдашуусу боюнча каралсын”;
5-пункттун 6-пунктчасындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
“7) финансылык институттар менен макулдашуу боюнча “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо” долбоорун ишке ашырууда үнөмдөлгөн каражаттарды (гранттык жана кредиттик) тапшырыкчы болуп чыккан Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана бөлүштүрүү тармактарынын курулушуна багыттасын.”;