Редакцияот 12.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы

2020-жылдын 12-ноябры № 4

Шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө

Айгыр-Жал айылынын тургуну Райымбеков Төрөбектин кызы Төрөбек кызы Зульфиянын ден соолугу өтө оор болгондугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Айгыр-Жал айылынынын тургуну Райымбеков Төрөбектин кайрылуусу эске алынсын.

2.  Райымбеков Төрөбектин кызы Төрөбек кызы Зульфиянын ден соолугу өтө оор болгондугуна байланыштуу жана үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 50000(элүү миң)сом акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыжөнүндө”МыйзамынаылайыкЧаткалрайондукмамлекеттикадминситрациясынынрасмийwww.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагыКаныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев