Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2019-жылдын 24-июлу № 13
Таштанды таштоочу жер бөлүп берүү жөнүңдө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылынын тургуну Аблаев Алтынбектин таштанды таштоочу жер аянтын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Чакмак-Суу айылынын тургуну А.Аблаевдин таштанды таштоочу жер аянтын бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Чакмак-Суу айылынан таштанды таштоочу жана саркынды сууларды төгүү үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |