Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы

2021-жылдын 3-февралы № 3

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын карап чыгып жана талкуулап,

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2.  Түзүлгөн иш планга ылайык сессияга өз убагында материал даярдоо жагы туруктуу комитеттерге эскертилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына жана жооптуу катчысына тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев