КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 4
Каныш-Кыя айыл аймагынын социалдык-экономикалык программасын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын 2021-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2021-жылга карата түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын планы бекитилсин.
2. Программага киргизилген иштерди өз убагында аткарууда айыл аймагынын кызматкерлери менен айылдык Кенештин тиешелүүлүгүнө карата туруктуу комитеттери тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |