КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 8
Субсидия берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин фининсы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин корутундусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин фининсы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин корутундусун эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын активдер жана милдеттенмелер менен аткарымдар классификациясынын 3111 беренесинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты кыскартылып, Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине субсидия катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |