КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 9
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору А.Эгембердиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Эгембердиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучуларга чай ичүүчү ФОЭсине тосмо орнотуп бир кабинет даярдоого 55 000 (элүү беш миң) сом акча каражаты берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |