КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 13
Т.Мырзалиевдин эмгек акысы жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө коомдук алдын алуу алуу борборунун (КААБ)нун төрагасы Т.Мырзалиевдин жазган арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө КААБнун төрагасы Т.Мырзалиевдин жазган арызын эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы №82 мыйзамынын 12-1 статьясында көрсөртүлгөндөй КААБнун төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек маянасы 2021-жылдын 1-январынан баштап ай сайын 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө эсептелип берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |